Күн менен булуттун кармашы

Жаз мезгили болчу. Адаттагыдай эле таң эрте ойгонгон
Күн нурун чачып:
‒ Эки-үч күндөн бери Жер шарын кыдырган жокмун.

Кой, бүгүн кыдырбасам болбос. Эл, жан-жаныбарлар, бакдарактар мени күтүп калышса керек, ‒ деп шашып жөнөйт.

Бир аз жүргөндөн кийин эле кайдан-жайдан Сур булут пайда болуп:
‒ Эй, Күн, жол болсун! Шашып кайда жөнөдүң?! ‒ дейт жолун тороп.

‒ Эки-үч күндөн бери Жер шарын кыдыра элекмин. Барып келейинчи… Сур булут, бир аз жыла турасыңбы, өтүп кетейин. Аябай шашып жаттым эле, ‒ деп суранат.
‒ Дагы эмне дейсиң?! Башка жактан өтө бербейсиңби, ‒деп жөн жооп бербей ороңдойт Сур булут.

‒ Өзүң билесиң да, мага башка жол менен жүрүүгө болбойт. Мен ушул жол менен гана жүрө алам. Башка жолго салсам, өз жолумдан чыгып кетем. А сен каалаган жолуң менен жүрө аласың. Тиги жакта орун кенен эле турат го!
Бир аз жылып койчу, сураныч.
‒ Жок, мен эч жакка жылбайм! ‒ деп Сур булут көгөрүп туруп алат.

‒ Ай-ий, ушунчалык да көк бетсиңби? ‒ деп Күн айласын таппай ыйлап жиберет. Күн менен Сур булут ушинтип жол талашып турганда, алардын жанынан шуулдап Шамал өтүп калат. Шамал Күндүн ыйлап жатканын көрүп:

‒ Ай, Күн, эмне ыйлап жатасың? Сени жердеги жандыктардын баары чыдамсыздык менен күтүп жатышпайбы! ‒ дейт.

Ошондо Күн ага болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Каарданган Шамал:

‒ Ошондой дечи? Азыр анын айласын табам! ‒ деп тартипсиз Сур булутту капталынан сүрүп, четке чыгарат.

Жолу ачылганына сүйүнгөн Күн Шамалга рахматын айтып, шашкан боюнча Жерге жол тартат. Күн чыкканда жанжаныбарлардын баары сүйүнүп, жыргап калышат.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •