Жалкоо жөнүндө

24.11.2019 20
Жалкоо жөнүндө

Бир жалкоону өзүнүн айылы өлгөнчө тажатты, тимеле тамагына тыгылган сөөктөй эле болду. Же бирөөдөн жакшылык көрбөсө, жакшы сөз укпаса, каткан нан да булардан чыкпас болду.

— Мейли, — дейт, — силерсиз деле жашоом өтөөр. Силерди көрөйүн деген көзүм жок.

Баарын ойлонуп, ызасына чыдабай бир түкүрүп алды да, башы ооган жакка сандалып жөнөдү. Адырдын белине көтөрүлсө, алдынан кошунасы чыгып калбаспы.

— Алыска жөнөдүӊбү, коӊшум?

— Башым оогон, көз көрбөгөн жакка, тууганым.

— Бизди биротоло таштайын деп жатасыӊбы?

— Эмне кылам, — деп жооп берет жалкоо. — Же колумдан бирдеме келбейт, эч нерсе жасагым да келбесе.

— Эмне жакпай калды бизде?

— Суу жакпайт.

— Суу?

— Суу.

— Опе-ей!- аябай таӊ калды кошуна. – Биздикиндей сууну бул өрөөндөн таппайсыӊ. Бир жутсаӊ, айрыла албайсыӊ.

— Аныӊ чын дечи, бирок башка  оозго салаар эч нерсеӊ болбосо, куру суудан майнап чыкмак беле, — деген экен.