Датасы: 16.05.2022
Формат: mp3

Күндүн көзү ачылбады жамгыр жаап салды
Ызаң сенин басылбады күйүтүң барбы
Андай болсо айтчы досум мага сырыңды
Жардам болуп калаар бекен уксаң ырымды

Кайырма:

Кабакты ашчы капаланбачы
Баардыгы жакшы болот
Бакыт куш кайра конот
Кайрылып жазым келет
Гүлзарың гүлгө толо

Күн ачылып булут кетип жамгыр басылар
Күйүт кетип ыза топтоп кабак ачылар
Ишен досум кайрат айтам сага жакында
Жашоо берсе жүрөктөрдөн сүйүү ачылар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *