Датасы: 07.05.2020
Формат: mp3

Издеп бирок таппай келем
Айтсаң боло катпай дарегин
Балким келип калаарбы деп
Түн уктабай какпай карегим
Менин да сүйүүм башкалардай
Тапкым келип бакыт тилеймин
Сезер бекенсиң
Күттүрбөй качан келер экенсиң
Келер экенсиң

Кайырма:

Келчи келчи сүйүүм келчи
Үмүт берип эзбей жүрөктү
Келчи келчи сүйүүм келчи
Сени күтүп далай күн өттү
Келчи келчи келер болсоң
Суранарым эзбей жүрөктү

Жазда дедиң жазда келип
Өтүп кетти ал күндөр
Жайда дедиң жайда келип
Достук жалгыз жай күндөрү
Күздө дедиң күзда өтсө
Кечиктиңби аны билбедим
Кышта жакындап
Муздап бараткансыйт
Сезимим жүрөгүмдө
Эй неге жүдөттүң

Кайырма:

Келчи келчи сүйүүм келчи
Үмүт берип эзбей жүрөктү
Келчи келчи сүйүүм келчи
Сени күтүп далай күн өттү
Келчи келчи келер болсоң
Суранарым эзбей жүрөктү
Келер деген зар үмүтүм
Күтүүгө да мени үйрөттү

Жаныбек Оңолбаев Сүйүүм келчи клип


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *