Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Кара көзүм кайдан сага жолуктум,
Караколдон карегиме толупсуң.
Карлыгачтын канатындай каш кагып,
Капысынан жүрөгүмдү ооруттуң.

Кайырма:
Кандай сулуу бүт баары,
Караколдун кыздары.
Кыйбай артка кеталбай,
Кылчактайбыз биз дагы.
Жымыңдашып жылдыздай,
Жыргап көңүл куштары.
Карагыңды келтирет,
Караколдун кыздары.

Түрдөнөсүң көйнөгүңдөй булактап,
Кылыктанып карматпайсың кылактап.
Ортобузда кол тийбеген алыстык,
Ойлонсом да жетким келет бир аттап.

Кайырма:
Кандай сулуу бүт баары,
Караколдун кыздары.
Кыйбай артка кеталбай,
Кылчактайбыз биз дагы.
Жымыңдашып жылдыздай,
Жыргап көңүл куштары.
Карагыңды келтирет,
Караколдун кыздары.

Сагынчым жүрөгүмдү эзгилеп,
Сага деген санаа менен кеч кирет.
Ырларымды сени көздөй узатам,
Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп.

Кайырма:
Кандай сулуу бүт баары,
Караколдун кыздары.
Кыйбай артка кеталбай,
Кылчактайбыз биз дагы.
Жымыңдашып жылдыздай,
Жыргап көңүл куштары.
Карагыңды келтирет,
Караколдун кыздары.

Сагынчым жүрөгүмдү эзгилеп,
Сага деген санаа менен кеч кирет.
Ырларымды сени көздөй узатам,
Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *