Жароокер элең жалтанган
Же жамынып ичик калтардан
Жалганда эле жалгыз сен деймин
Жарашыктуу залкардан

Жалдырап го (а) кайда жүрдүң деп,
Жай, кышы кийдиң калтардан.
Асылкеч, сендей болобу,
Алтыным деп жалбарган.

Кымбаттуу (да) кызыл алтынсың,
Кырандан чыккан жаркынсың.
Кыйышпас (а) көңүл түбөлүк,
Же кызыл гүл жыттуу салкынсың.

Агарган (а) турмуш таңында,
Алтыным болсо жанымда.
Басып бир (а) жүрсөк деп ойлойм,
Же маданият багында.

Гүлдөгөн турмуш таңында.
Каухарым болсоң жанымда.
Көңүл бир (гана) ачсак деп ойлойм,
Же көпчүлүк (а) жүргөн багында.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *