Жарык жол

Атам жалданып иштеп, кайсы байдын эмне жумушу бол-
со, ошону жасап жүрчү. Ал усталыгы менен жан баккан

адам эле. Комуз, кыяк жасачу, өзү да чертчү. Куржундун

бир көзүндө керки-чоту, ар түрдүү шаймандары, бир көзүн-
дө мен жүрөм. Иштеген жеринде мага чапанын жая салып

берип коёт, мен ит, мышык, дагы башка бир нерселерди чо-
подон жасап отура берем. Атамдын айтып берген жомокто-
ру: «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан». Алар күнү

бүгүнкүдөй кулагыма жат, өмүр бою унута албасмын.
Атам бир үзүм нанды өзү жебей, мага берчү экен кийин

ойлосом. Ошентип жүргөн учурда Курбу келди. Курбу биз-
дин туугандардын баласы эле. Менден улуураак. Жетим

болгондуктан, Оштогу No2 кыргыз жетимканага өтүп, ошон-
до жашайт экен. Кийими мени абдан таң калтырды. Көйнөк,

шым, галстук. Мен башта андайды көрбөгөм. Мени алып
кетем деди. Атам урушуп болбой койду: «Жалгыз баласын

бага албай тентитип жиберди дейт эл». Курбу мени ээрчи-
тип эки-үч күн жүрдү, жетимканадагы сонун турмушту айта

берет, кызыктыра берет.

Жарык жол 3

‒ Момундай ак бөлкө болот, кыссаң кичинекей, коё берсең жазылып кетет. Чайга, кофеге салсаң шимирип алат, жей бе-
ресиң. «Бөлкө», «кофе» ‒ ук-
паган нерселерим. Тү-
шүмө да кирбесе керек.

‒ Ата, барам, ‒ дей бердим. Мени багуу деле атама оңой эмес турбайбы.

‒ Эртең менен Капарды жетелеп, арыктын ичи менен

кетип калгыла. Эл көрбөсүн. Мен билбей калайын. Өз уба-
лы өзүнө. Ал жакта ага суутуп койсо …

1924‒25-жылдары 9‒10 жаштарда болушум керек, Ошто-
гу жетимканага келип кирдим. Эч кандай кагаз-пагаз, до-
кумент сурашкан жок. Анан калса, жетимдигим кебетемен

эле билинип тургандыр. Мына ошол жетимканага өткөн

күндөн баштап курсагым тоюп, кийимим бүтөлүп, калем-
кагаз алып, жыргап калдым. Ар түрлүү оюндарды ойной-
буз. Башым бүтүн жара болуп, эл мени «кал» деп атап ка-
лышкан, ал айыкты. Безгек оорум бар эле, мындан да ку-
тулдум. Колума тийген түр карандаштар менен эмнени

боёп, эмненин сүрөтүн тартып жибереримди билбейм. Ко-
лума тийген кагаздардын чоло жерин калтырбай сүрөт тар-
та берем. Бир күнү жыгач керебетимди оюу салып, кооздоп

жибердим. Мугалимдерим бул тартипсиздигим үчүн жеме-
лешти. Башымды шылкыйтып тим болдум.

1927-жылы Пишпекке келдик, 4 балабыз. Алты күн поезд

менен жүрүп, араң жеттик. Киринпроско кирүү эле максаты-
быз. Окуу жайды ушинтип атачу. Завуч Базаркул Данияров

ар бирибизден минтип сурайт:
‒ Памилияңды айт?

Биз унчукпай тура беребиз, себеби эмнени сурап жатка-
нын түшүнбөйбүз. Менден бою узунураак бала мага акы-
рын кайрылат: «Памил чай деп жатабы?»

Акыры тилеген окууга да өттүк. Мен сыяктуу кедей бал-
дарынын алдында кенен, жарык жол жатты. Ошо жол бизди

бул күнгө, бул даражага алып келди.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •