Кубанычтуу күндөр өттү арадын,
Эстейинчи өткөн күндү кайрадан.
Ошондо сен 18 жашта элең,
Мени сүйүп жүрбөдүңбү билбеген.
Кайырма:
Айтчы, айтчы Айзадам сен!
Унуттуңбу сүйгөнүңдү?.
Эмне үчүн жараладың?
Жараладың жүрөгүмдү?.
Эсиңдеби айткан сөзүң сен мага,
Сенсиз жашоо жокго дедиң дүйнөдө.
Бирок мени алдап кеттиң ошондо,
Ишенгенмин сенин айткан сөзүңө.
Кайырма:
Кошула албай эчкимисинин оюна,
Кечирип кой бара албадым тойюңа.
Кеткениңде зымырады жүрөгүм,
Кош бол эми бактылуу бол сүйгөнүм.
Кайырма:
ЖАШ КЫЯЛ тобу — Айзада тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 4177