Булбулдар гана сүйөт гулдөрдү
Муңайып добуш үндөрдү
Жаштарга гана арнап чыгарган
Азыркы жыргал күндөрдү

Ойноп гана күлгөн күнөөбү,
Ойнобой жаштар жүрөбү.
Оюнда сырын айтсам деп,
Жаштын ошондо болот тилеги.

Жаштыкты кандай ойлойсун,
Сен түнкү жаш суусардай жойлойсуң.
Жакындап чалма саларда,
Жазгы тайдай ойнойсуң.

Айраны кенен, кымыз мол,
Малдуу, дандуу жерибиз.
Жигити шайыр, кызы алтын,
Кымбаттуу кыргыз элибиз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *