Ушунчалык жагып жүрдүң бала кезимден,
Мектебимде жүргөн жакшы кыз.
Айлар өтүп, жылдар өтүп бизге сезилбей,
Он сегизге толду жашыбыз.
Кайырма:
Ата-энеңдин сөзүнөн сен чыга албадың
Айласыздан сен байкуш мени алдадың.
Түбөлүккө коштоштук,
Сен бөлөккө баш коштуң
А мен сага жете албадым…
«Күтөмүн» деп, кол булгалап көз жашың төгүп,
Сен узаттың мени аскерге.
«Бир көрсөм» деп, «алтыным» деп сен мага жазып
Сүйүп жүрдүң мени алыстан.
ЖЕБЕ тобу — Классташ кызга тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 969