Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Жай басып мен жаныңдан өткөн менен,
Токтотуп сөз узатып койбойт белең.
Окшотуп жүрөгүмдү сүйгөн жанга,
Бара албай уяң тартып турдум сенден.
Таба албай жүргөн сүйүүм келген өңдүү,
Табышмак суроо салып берген өңдүү,
Жетпеген канча мүнөт, канча күндөр
Күтпөгөн сүйүүм мага жеткен өңдүү.
Кайырма:
Байкаарым Заурет, жазганым Заурет,
Өзүңө жеткирет эңсеген ак тилек.
Көзүңдүн кыйыгынан карап койдуң,
Көрсөтпөй сүйүү отун салып койдуң.
Капырай, эмне мынча сүрдөп турам,
Көзүңдүн сулуулугун сезбей сонун?
Келсеңчи жүрөгүмдү эзгилебей,
Оюмду сага деген кескилебей.
Жалынып жалбарганда эмне пайда?
Кудайым жеткирсе экен сендей жанга.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *