Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Жүрөгүм көрүп элжирей
Жүрөгүң эргүү берчүдөй.
Сүйүнүч коштойт алдыга,
Сүйүүнүн гүлүн терчүдөй.
Балкыды денем белгисиз,
Балбылдап улам, бак-таалай келчүдөй.
Балбылдап улам, балбылдап улам
Бак-таалай келчүдөй
Сезимге түшүп кыялың,
Сен десем ойго тунамын.
Бал таттуу мукам үнүңдү,
Бассам да турсам угамын.
Жанашып бирге өткөрсөк,
Өмүрдүн куунак, шат күлкү убагын.
Өмүрдүн куунак, өмүрдүн куунак,
Өмүрдүн күлгүн убагын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *