Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо
Жайжайына койсочу.
Чөп куурабас болсочу,
Көл тунарбас болсочу.
Кызыл өңдөн нур кетип,
Кыз кубарбас болсочу.
Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.
Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу.
Кайран жашты кол менен,
Жасап алар болсочу.
Жийдеш — Өмүр тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 5698
Оз озунчо куплет кылсаныздар жакшы болмок
Ооба жакты абдан сонун ыр.
Деги деген созду жазбай коюптурсуздар.Деги жайжайына койсочу болуш керек эле.
Абдан жагат ушул ыр
Жибек онбос эмес өңбөс десе туура Болотко дейм