Туулган жерим асыл турагым
Сезимимде өчпөс чырагым
Симфония болсоң сен эгер
Нота болуп сага турамын
Кереметтүү күүлөр куюлуп
Кулагымда турат угулуп
Туулган жерим сенде турбайбы
Айтып бүткүс кооз сулуулук
Түшкө кирсе күлгүн жамалың
Жүз көрүшүп тунуп каламын
А сен болсо бүтпөс чөң дастан
Бар болгону мен бир сабагың
Обон салган талаа жаңыртып
Кайрыктары миңбир кыялдын
Дептер болсоң сансыз барактуу
Из калтырар мен бир сыяңмын
Жолболду Алыбаев — Туулган жерге тексти
Датасы: 27.12.2024 Көрүүлөр: 449