Жолборс кандайча курмадан коркту

1 чи Like басыңыз.

Кечке аң уулап жолу болбогон ачка жолборс түн киргенде айылга түшүп келип, четтеги жаман алачыкты көрөт. Ал жактан алсыз аялдын үнү менен жаш баланын ыйлаганын угуп, акыры курсак кампайтат экемин деп сүйүнүп кетет, жаланып да жиберет. Эки-үч секирсе эле жеткидей жакын аралыкка келип токтой калып кулак түрөт.

— Уктай кой, балам уктай кой, апакеңди кыйнабай, — деп бешик ырын кыңылдап, үнүн баспай ыйлап жаткан баласын сооротуунун жан алакетине түшкөн аялдын жалынганы эшитилет.

Ал ансайын бала чырылдап ыйлаганда энеси аны коркутканга өтөт:

— Уктабасаң бөөгө берем!

Бала ого бетер сооронбой озондойт.

— Уктабасаң чөөгө берем, — деп бүт жырткычтарды айтып коркутуп келип, дале үнүн баспаган баласын сыртта чын эле жолборс турганын билбестен: — Тигине, тышта жолборс турат, салып берем азыр сооронбосоң!

Бала болбой эле ыйлай берет, ошондо эне аны алдап кирет:

— Балам жакшы, азыр мен сага курма берем, анан ыйлабай каласың ээ…

Ошол замат бала үнүн басат.

Муну уккан жолборс таң кала түшөт, коркуп да кетет. “Курма дегени ким болуп кетти? Мындай жаныбарды эзели укпаптырмын. Менин атымды укканда, ал тургай сыртка келгенимди билгенде да сооронбогон бала анын атын укканда эле тып басылды. Кой, ушунчамда кетейин, курма деген немеси келип кала элегинде”, — деп ойлонгон жолборс ал жерден куйрук түйөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.