Датасы: 03.10.2020
Формат: mp3

Карегиңди шат кыларым
Каарааныңды жактырам, ай
Көп ичинен издеп жүрүп,
Көздөрүңдү тапты жаным.
Күнү-түнү ойлонорум
Күдөр үзбөй толгонорум
Көп күттүргөн бакытым деп,
Көңүлүмдө болжогонум.
Тагдырыма табылганым,
Таалайыма жазылганың, ай
Узап кеткен сапарымдай
Учу бүтпөс кол кармадым
Жүрөгүмө тандаганым,
Жүгөнү жок кармаганым
Бир бүтүнгө айланалы
Бир өмүрдү арна жаным.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *