Бир жоокер аскердик кызматынан бошонуп, карчарбага чыкканда баринге жалданып иштей баштайт. Барин анын бир жылдык бел чечпей иштегени үчүн жүз сом төлөп бермей болду. Ошентип эски жоокер бариндин баардык жумуштарын кылды: жер айдады, мал бакты, үй курду, суу ташыды, отун жарды, күл чыгарды, кала берсе катындын жумушун кылып кир жууду.

Ошентип көз ачып жумгуча бир жыл өтүп, жоокер баринден эмгек акысын доолап турду. Бирок баринге калтасынан акча чыгаруу абдан кыйынга тургандыктан кыйылды, ыйынды, бирок баары бир бул карызын бере албасын билип, буркурап боздоп ыйлап жиберди.

— Эмне болду сага урматтуум? – деп сурады эски жоокер.

— Акчамды аяп атам! – ачыгын айтты барин.

— Опей эй, барин сен эмне! – чочуп кетти жоокер. – Мен деген сага баш көтөрбөй бир жыл бою кызмат кылбадымбы!

— Ошентсе деле акча бериш оңойбу! – дейт барин.

— Андай болсо сен мага үч эле күн кызмат кыл, мен сенин жүз сом карызыңды кечип жиберейин, — дейт жоокер.

“Үч күн анча деле көп эмес”, — деген ойго келген барин аялы менен кеңешкени жөнөдү. Бул сунушка аялы жан деп макул болуп:

— Үч күндө жүз сом табыш оңойбу! Кыла бер кызматын, — деди да ичинен ой жоруду: “Үч күн эмес он күн деле көптүк кылбайт”. Ошентип барин жоокердин сунушуна макул болду.

Бирок жоокерде бариндикиндей чарба жок болгондуктан жаңы малайын кайда жумшарын билбей башы катты. Жашаган сарайын жыйнатайын десе ал баары бир эле бариндики. Эмнем бар деп өзүнө көз жүгүртсө үстүндөгү кийимдери менен бутундагы өтүгүнөн башка эч нерсеси жок экен. Ушуларды жуудуруп, тазалатып баринди иштетмей болгон ал бир өтүгүн сарайдын үстүнө ыргытты, экинчисин үй артына таштады, кийимдерин короонун ичине туш келди чачты да, эртеси ойгонору менен катуу кыйкырыкты салды:

— Эй, малай!

Барин кирип келди.

— Кийимдеримди алып келип мени кийинт!

Барин ары-бери чуркап кийимдерди чогултуп берди, бир өтүктү эптеп таап келди, экинчисин таптакыр эле таппады.

— Бир өтүгүң кайда? – деп айласы кеткенде жоокерден сурады.

— Аах, кызыталак малай десе! Өтүктүн кайда экенин бариниңден сурайсыңбы? Сен аларды тазалап коймок тургай таппай жатсаң каяктан бариниңди канааттандыра кызмат кылмак элең! Сени эмитеден жакшылап жазалап коюш керек экен! Эй мага таякты алып келгиле!

Эски жоокердин биринчи эле буйругун аткара албай таяк жегени калганын, эгер ал үч күн бою ушинтип жумшаса өлүп каларын аңдаган барин дароо эле:

— Сага кызмат кыла албайм! Андан көрө акчаңды ал, — деп жиберди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *