Канаттууга кактырбас,
Каралдым энем бар болгун
Кара жаным, карч урган,
Кайраттуу энем, бар болгун
Кайырма:
Тогуз ай мени көтөргөн,
Тоодой энем бар болгун.
Жамандыкка кыйбаган,
Жароокер энем бар болгун.
Ыйласам кошо ыйлаган,
Ырысым энем, бар болгун.
Сүйүнсөм кошо сүйүнгөн,
Сүйүүктүү энем бар болгун.
Кайырма:
Мен үчүн тоодой бел болор,
Мээримдүү энем бар болгун.
Сүйлөшүп, кээде сырдашчу,
Сүйкүмдүү энем, ай, бар болгун.
Кайырма:
Жылдыз Тутуева — Энеме тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 457