Ырдайт заман, жыргайт заман.
Канаттуу заман миң түрлүү.
Булбулдай сайрап,
Гүлдөйт турмуш, бүрдөйт турмуш.
Ырыстуу заман береке,
Жемиштер жайнап.

Кыргыз жери тандандырат,
Тандандырат улам кубулуп,
Шаңдуу ыры ай ааламга,
Азыр турат угулуп, эй.

Куттук айтып, алкыш айтып,
Жыргалдуу ушул заманга.
Созомун үндү
Каалайм элим дайым сага
Бактылуу жыргал ушундай
Жаркыраган күндү. А…

Аймагыңдан учту далай
Азаматтар, баатыр кыраандар
Кайгысы жок окуйт, иштейт,
Канча кыздар, уландар.

Калкаладың камын көрдүң
Кыздарга тактың талыкпас,
Талыкпас канат.
Кандай чексиз жемиштериң,
Көргөндө көңүл толкундап
Жүрөгүм жанат. А…

Суктанамын тиктей берем
Көз жиберип туш-туш тарапты.
Кыргыз элим укмуштарды жаратты

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *