Ачылган гүлдөр жайда бар (ай),
Агын суу күчү сайда бар.
Ал эми сени да көксөгөн (ай).
Арзыган мендей кайда бар.

Таркабас черим айтпасам (ай),
Өзүңдү багып (а) көп басам.
Сүйүүнүн куту сен деп (ай),
Суктанган күнүм капкачан.

Кызылча казган чагыңда,
Таанымал көркүң жанымда.
Жалт этип шектүү карасам,
Жашынып жоксуң жанымда.

Күндүзү, мейли кечинде,
Кымбатым, сенсиң эсимде,
Жылмайып күлгөн бир улан,
Жыргалым белем сезимге.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *