Элимен кетет деп угуп,
Эскерме жаза баштадым.
Эми мен кантип жүрөмүн,
Эсиме түшүп баштагың.

Калкыман кетет деп угуп,
Кат жазып эми олтурам.
Кадырман курбум сени ойлоп
Кагаздын бетин толтурам.

Сүйүүдөн жүрөк дегдеди,
Сүйгөнүм ойдон кетпеди.
Жалооруп жүргөн чагымды,
Жалжалым ойлоп сезбеди.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.