Өткөн өмүрдөн,өздүк дүйнөмөн.
Мен өзүңдү издегем.
Таалайым эми таптым мен сени,тунук сүйүү из менен.
Сүйүү жолунда, ар бир оюмда.
Бир өзүң бол жанымда,
Агарган ак таңындай,
Бул жашоомдун баарында.
Келчи ардагым,колун кармайын,
Мезгил жарыгын,сага арнайын..
Кайырма:
Жалгызым жаным ай,
Жашоодогу жазымдай.
Сен барсын,мен бармын.
Сүйөм сени жаңылбай.
Жалгызым жаным ай,
Нур жүзүң суйуу таңымдай
Канча жыл күтүп,жүрөгүм сүйүп
Мен сени жаным таптым ай.
Биз энсеп жүргөн, экөөбүз күткөн
Наристебиз уулбуз..
Өзүңдоөй болсо,бийике консо
Аткарылат оюбуз.
Бир кыялыбыз,наристе кызыбыз,
Өзүңдөй болсо деймин,
Ойлонуп мен эңсеймин,
Жараткандан тилеймин.
Келчи ардагым,колун кармайын,
Мезгил жарыгын,сага арнайын.
Айя Садырова — Мен сени жаным таптым ай тексти
Датасы: 24.08.2020 Көрүүлөр: 535