Илгери-илгери мажүрүм тал дарак эмес адам болгон экен. Болгондо да келбеттүү, акылдуу кыз болуптур. Күндөрдүн биринде дал ошол кыз жашаган айылды кайдан-жайдан келгени белгисиз душмандар каптайт.
Келгендер элди чаап, байлыктарды талап, адамдарды өлтүрө баштаптыр.
Дал ошол кезде биз айткан келбеттүү жана акылдуу кыздын да ата-энесин, бир туугандарын да өлтүрүшөт. Түн экен, кыз качып жөнөйт. Аны билип калган жоо артынан кууйт.
Кыз кача берет, куугун артынан бара берет. Бир жерге жеткенде кыздын аргасы түгөнөт. Андан ары шаркырап аккан суу экен. Өтө албай туруп калат. Куугундар болсо жакындан жакын келет. Мына алар кызды да көрүшөт.
Ошондо кыз сай боюнда өскөн даракка жалынып жиберет:
— Кел, сен менин ордума адам бол да, мен сенин ордуңа сендей тал болоюн! — Анан ал чачын жайып, көз жашын агызып бутун сууга малат.
Аңгыча эле «карс» эткен катуу доош чыгат. Бул доош дайрага кулап түшкөн талдын доошу эле. Тал агып кетет да, ордуна кыз мажүрүм тал болуп калат.
Куугундар кыз сууга агып кетти деп артка кайтышат.
Кыз болсо чачтарын самсаалатып, ата-энесин, айылын жана сууга агып кеткен талды жоктоп дайра боюнда өсүп калат.
Силер, балдар, азыр да суу жээктеп жүрсөңөр баскынчылардан качып барып, дарыя боюнда ыйлап жаткан мажүрүм талды көрөсүңөр…