Жал, жал карап калган чагында
Жүрөк күйдү чексиз жалынга
Жан адамга ыраа кыйбастан
Жүргүм келчү сенин жанында
Тиктей албай карек нурларын
Эстен кетпейт кирпик жумганың
Бир өзүнө арнаар элем мен
Махабаттын назик ырларын.
Кайырма:
Ачык айтсам сен кеткенден карабай
Азап тартам ичте бугум тарабай
Айыкпаган дартка салдын кантейин
Абалымды сураганга жарабай.
Мейли, мейли сурабагын абалым
Мен алгачкы сүйүүм менен каламын
Эсте жүрсүн гүл сунушкан учурлар
Эсте жүрсүн гүлүп турган жамалын!
Аттин, аттин ошол кездерим
Алдаарыңды неге сезбедим
Жанга батып жүрөк сыздатты
Жал оорутуп таштап кеткениң
Жароокерим менин жалжалым
Сүйбөс болсон неге алдадың
Эстей берип өмүр өткөнчө
Көкүрөктөн кетпес арманым
Кайырма:
Ачык айтсам сен кеткенден карабай
Азап тартам ичте бугум тарабай
Айыкпаган дартка салдын кантейин
Абалымды сураганга жарабай.
Мейли, мейли сурабагын абалым
Мен алгачкы сүйүүм менен каламын
Эсте жүрсүн гүл сунушкан учурлар
Эсте жүрсүн күлүп турган жамалың!
Мурадил Данияров — Жал-жал карап тексти
Датасы: 11.09.2020 Көрүүлөр: 6180
Жакты мага жагат ❤
Талантын ташкындай берсин досум