Толгонай Арзыкеева — Сен менин тексти

Көчүрүү (скачать)

Сен менин жазылбаган ырларымсың
Сен менин айтылбаган сырларымсың
Тууйлатып жүрөгүмдү алоолонткон
Сен менин жаштык жалын, жылдарымсын.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан

Сен менин ак кептерим канат каккан
Сен менин мөл булагым калкып аккан
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан

Толгонай Арзыкеева сен менин караоке

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.