Балам менин эркем деп остургон апакем,
Өмүр деген жүрөгүн мага арнап берген.
Колдоруман жетелеп жашоонун жолунан,
Чан жугузбай чонойттуң алтын апакем.
Көрбөсөн дейм жалганда апаке кейишим,
Жараткандан тилеймин бул кундун бейишин.
Аска-зоодой карааның күч берет атакем,
Бекем бол деп темирдей тарбия берген.
Уйубуздун тиреги кымбатым атакем,
Ден-соолугун ар качан суранып келем.
Акыл- насаат кеп айткан бой жетти наристең,
Үмүтүндү актаймын менин атакем.
Бул жашоомдун сыймыгы атакем апакем,
Өзүнөр бар өмүрдө түндүгүм бекем.
Уулдарындын урматын кыздардын кызматын,
Бирге болуп төрүндө өмүр сүргүлө.
Бир кудайдан тилеймин ден-соолук ден-соолук,
Оорубагыла дайым атакем апам.
Алмаз Шаадаев — Ата-апа тексти
Датасы: 13.09.2020 Көрүүлөр: 1394