Өмүргө бир жаралдың
Өксүбө кейип
Өткөрбө күндөрүңдү
Өкүнө берип
Жыгылсаң кайра тур
Жолуңдү улант
Жалбарсаң жаратканым
Жардамын соонат жашоо
Кимге кандай сыноо берет жараткан билет
Ал тагдыр делет
Ошол тагдырыңа баардыгына бүгүн шүгүр эт
Кылгын каниет

Ай ааламды көрө алсаң
Аба жутуп жүрө алсаң
Анда шүгүр де
Азыр шүгүр де
Бутуңа тик тура алсаң
Бүт дүйнөнү уга алсаң
Анда шүгүр де
Азыр шүгүр де

Магдырап бейпилдикте
Сен жатсаң уктап
Кээбири жашоо үчүн
Күрөшөт чуркап
Сен үчүн аалам жарык
Бирөөгө кара
Колуңда бар нерсени
Кадырлап баала
Бакыт
Жаралганың бул өмүргө
Адам сен түшүн
Жараткан үчүн
Шашыл
Багыт алгын бул өмүргө
Аракет жаса
Татыктуу жаша



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *