Датасы: 18.09.2020
Формат: mp3

Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар.
Уруу-уруу туш тарапка бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Узак жылдар сиңип калган сезимге,
Урук-уруу керек чыгар кезинде.
Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз,
Өз балаңдай дайым турсун эсиңде.
Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар,
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар.
Ыдыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Ынтымакта ыйман менен, иш менен,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *