Датасы: 17.09.2020
Формат: mp3

Жаңылдыңбы, жаздыңбы?
Акылыңдан аздыңбы?
Адашарың билдиңби же
Билбей ката бастыңбы?
Жалган дүйнө ушундай, ай,
Кээде күлүп, кээде ыйлай.
Өмүр өтүп баратканын
Сезбейсиң го байкабай.
Кайырма:
Тамчы, тамчылады жаштарың ыйлай, ыйлай,
Тамчыланып жүрөк муңдары үн угулбай.
Кайра баарын баштан баштайлы дебе, садага,
Өзүңдү өзүң сен алдаба.
Бүгүн калдың сен жалгыз,
Ыйлап турасың алсыз
Өткөн күнгө өкүнүп, ий,
Аттиң кылып аргасыз.
Болду, болду ыйлаба,
Ыйлаганда жок пайда.
Кетирген сен каталарың
Кайталабагын кайра.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *