Сүйүүгө жетпей ашыгып
Каласың кээде басынып
Капага батып турсаңда
Койосуң аны жашырып
Ыйлаба жүрөк
Сыздаба жүрөк
Капаланып ыйлап турсаңда
Бул кездер өтөт
Ыйлаба жүрөк
Сыздаба жүрөк
Чексиз сезимимдин маңызы
Өзүң деп күйөт
Кайгырсам дайым
Бир кезим
Кадырың кимдер билбесин
Муштундай болгон затыңдан
Сакталат өчпөй миң сезим