Датасы: 20.09.2020
Формат: mp3

Сен мага кимсиң?
Асылым сүйгөнүмсүң
Жалынып, жалбарып күйгөнүмсүң
Мен сага киммин?
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан

Сен мага кимсиң?
Айымсың толуп турган
Булаксың атып чыккан, оргуштаган
Мен сага киммин?
Жаныңа күйөрүңмүн
Чаңкысаң бал кымызың
Жан бирге түгөйүңмүн

Сен мага кимсиң?
Бүтпөгөн ырларымсың
Айтылбай сактап жүргөн сырларымсың
Мен сага киммин?
Булбулуң таңшып турган
Күнгө окшоп жан дүйнөңдө
Жарк этип жанып турган

Мен сага киммин?
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *