Кайкып учкан канаты бар
Ак булуттун арасынан кезиккен
Катарыңда жүрдүм эле кагылып
Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен
Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен
Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен
Көктө сызган куштан кабар жиберем
Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен
Кайырма:
Асмандагы периштем асмандагы
Азабыңдан арманга батсам дагы
Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун
Акыркы бул балким коштошуу
Арылбастан сага деген сагыныч
Айтылбастан калды канча жалыныч
Желде сызып кыдыралы дүйнөнү
Жерге түшкөн жанды кайра алып уч
Мирбек Атабеков — Стюардесса тексти
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 1324