Датасы: 26.09.2020
Формат: mp3

Кудай кошкон досторум бир туугандай ар бириң
Кубанып да кайгырып аппак дайым сезилип
Эки дүйнө бир болушат достор гана түбөлүк
Ыйык сактап ынтымакта достор аман жүрөлүк

Кайырма:

Кел достор бирге көңүл ачып бул кечте
Олтуралы достор көз тийбесин бизге
Дайым бир болуп достук күчүн колдонуп
Алга умтулалы элге үлгү болуп

Жакшылыкта кубанып жандап дайым жүрүшөт
Башка түшсө арман күн кайгы муңду бөлүшөт
Жөлөгөн да таяган да достук адам канаты
Сыймыктанган суктандырган досторум бар карачы

Макул болот ар дайым мени менен жүр десең
Кызыгы жок өмүрдүн достук баркын билбесең
Жакшылыкта жамандыкта сына досту издесең
Акыретте куткара алган досуң болот ким десең


Нурлан Насип — Достор тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *