Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп,
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп.
Азыр кайда бир тууган, асылдарым,
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп.
Кайырма:
Бир тууганым, таянар асылдарым,
Аска-зоодой бел болор жакындарым.
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм,
Амандыгың тилеймин баарыңардын.
Биз чоңоюп, балалык артта калып,
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып.
Азыр ата-эне болуп калгансыңар,
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып.
Кайырма:
Күндөр улам зымырап өтүп барат,
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат.
Сезимимди кусалык ээлеп алып,
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап.
Кайырма:
Амандыгың тилеймин кымбаттарым.
Алтынай Нарбаева — Бир тууганым тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 19430
Соонун .Ийгилик сиздерге
Сонун ыр,эң жакшы үн .эжеке үнүңүзгө береке
КЫЗДАР МЕНЕН ТААНЫШУУ БУРЧУ 2023 ЖЫЛ