Көгүлтүр көлдүн бетинде,
Кайыкта жүрдүк кечинде.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.
Кечээги күндөр эсимде,
Келбедиң күттүм кечинде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Элесиң турат эсимде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде.
Көлүмдө сүйүү түптөлүп,
Махабат бизге жүктөлүп
Ортомчу болду Ысык-Көл,
Сүйүүгө бизге күч берип.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.
Гүлбү Ороскул кызы — Ортомчу бизге Ысык-Көл тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 11045
Гулбунун ырларын журогум менен угумын Жана ырдаймын
Соонун ырдайт эле
Кайран эжекебиз жаркылдап журуп эле кетеберди аттин
Макуд