Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Көздөр толо сүйүүгө
Ашыгабыз көрүүгө
Таң каламын ак сүйүүнүн
Сыйкыр күчүнө
Көздөр толо мээримге
Күчөп улам сезимдер
Таң каламын ак сүйүүнүн
Кереметине

Кайырма

Чексиздиктин символундай
Жаным сегиз санындайбыз
Отко чачкан бензин сымал
Өчпөй күчөп жалындайбыз
Көздүн жоосун алып турган
Оймо чийме курактайбыз
Ашыктардын сүйүүсүнө
Күбө болгон чырактайбыз

Өзүң барда жан дүйнөм
Бир керемет шаң дүйнөм
Сен күлгөндө жылмайып
Бар дүйнөм күлгөн
Жылдызымда айымсың
Жарык аткан таңымсың
Маңдайыма жазылган сен
Менин багымсың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *