Мезгилдердин зор түйшүгүн артынып,
Уул-кызыңа сулуулугун калтырып.
Жылытасың эбегейсиз жер жүзүн,
Мээримиңди жаркыраган шам кылып.
Кайырма:
Кубанычтан көккө күүлөйт куш канат,
Күүгө айланып, ырга айланып туш тарап.
Туулган күнүң мына бүгүн апаке,
Куттук айтып, аалам сизге суктанат.
Тийбесин деп татаал тагдыр камчысы,
Өмүрүмө коргон болдуң жай-кышы.
Жан киргизип сыйкырдуу бир күч менен,
Жашоо арнайт ак сүтүңдүн тамчысы.
Жумабек Акбаров — Апакемдин туулган күнү тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 5176
Ката жок жарым текст жокко
Апамдын туулган кунуно ыр ырдап берет элем жарым текст жокко
Апамдын туулган кунуно ырдап берет элем жарым текст жокко