Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Балалыгымда шок кыз элем,
Апамдын сөзүн укпайт элем.
Балдарды, кыздарды коркутуп,
Классыбыздын көзүрү элем.
Ойноп-күлүп ал күндөр өттү,
Дарактар саргайып күз өттү.
Ошондогу эң биринчи кат,
Жүрөгүмдө сүйүү ойготту.
Кайырма:
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?
Жандашым, жандашым,
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?
Класстын эшиги чоң ачылып,
Кирип келди жаңы классташым.
Кар жылтырап кирпиктеринен,
Эсимде калды көз карашың.
Жылдар өттү, өттү балалык,
Сүйүүбүздү сактай албадык.
Бирок жааганда биринчи кар,
Классташымдан мен күтөм кабар.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *