Чечилбей жолдор ичкерип,
Чет жактан бакыт издедик.
Мекенге төкпөй маңдай тер,
Чет элде жүрүп иштедик.
Балдарым аман жетсе деп,
Басынбай өнүп-өссө деп.
Ата-эне ар бир мүнөтүн,
Силерди ойлоп өткөрөт.
Кайырма:
Турмуштун каарын кенебей,
Тулпары качкан желедей.
Баарыңды күтөт Ала-Тоо,
Балдарын күткөн энедей.
Таалайлуу өтсүн ай-жылың,
Тартпасын эч ким кайгыны.
Акчаңар эмес, өзүңөр,
Мекенимдин, ай, байлыгы.
Кайырма:
Ааламды кеттик аралап,
Аман бол, баарың саламат.
Кубанып элге келгенче,
Кудайга кылдык аманат.
Кайырма:
Нарынбек Калыбаев — Баарыңды күтөт Ала-Тоо тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 156