Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти акташ үчүн кызыңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, кайгырып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген апам менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын,
Өзүңөргө өмүр бою карызмын.
Мээрим Карыпова — Ата-энеме тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 433