Кыргызстан — улуу тоолуу жердин бермети,
Ата-баба бизге калтырган.
Кыргызстан — тоо булагы толкуп-ташыган,
Ак калпактуу элдин мекени.
Көркөмү жанган кымбат мекеним,
Сен үчүн каным, жаным беремин.
Мейкинде сызган шумкарың сымал,
Уча бер алга!
Кайырма:
Кыргызстаным, өнүгүп-өскүн,
Кыргызстаным, баа жеткис көркүң.
Кыргызстаным, Кыргызстаным,
Байрагың көктөн түшпөсүн дайым.
Кыргызстаным — кыйбас турагым,
Кылымга жетсин атагың, даңкың.
Кыргызстаным — алтын бешигим,
Өркүндөп-өсүп, алгалай бергин!
Киндик каным Ала-Тоомо сиңип торолгом,
Мекен үчүн жаным да курман.
Ала-Тоого ар бир келер ымыркай үчүн,
Кыргызстанды сактайлы бүтүн.
Кыргызстаным — менин мекеним,
Кыргызстаным — сенин мекениң.
Көз жоосун алган Ата Мекенди коргойлу бирге!
Кайырма:
Жоодарбешим — Кыргызстаным тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 374