Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Жайлоолоп боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кайырма:
Көздөрү жалдырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кайырма:

Самара Каримова — Ошол да тоолук кыргызбы? тексти: 19 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *