Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдадым,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты — бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу аллей — бульварым.
Гүлнара Тойгонбаева — Бульварым тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 295