Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Кел балам, тай-тай, басасың жай-жай,
Адамды тартып өзүңө.
Кумарым канбай, жытың бир балдай,
Ырахат алам өзүмө.
Кайырма:
Күлгөнүң жоюп сезим капасын,
Канатың жайып өсүп жатасың.
Эр жигит болуп, балам чоңойгун,
Элиңдин алып ыйык батасын.
Ай сымал жаркын, күн сымал жаркын,
Жылдыздай жанган жүзүңдөн.
Боорума кысып, жүрөгүм ысып,
Жашоонун баркын түшүндүм.
Кайырма:
Душмандан качпай, мекенди сактай,
Намысын корго жериңдин.
Калкыңа күйүп, кыргызды сүйүп,
Сыймыгы болгун элиңдин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *