Таңдагы бир гана чолпон оо өңдөнүп
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң
Жыргаткан бозой мүнөзүң
О чиркин, жаштыктын алтын гүлүсүң.
Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Эмгекке бирге баратсак,
О чиркин, калбастыр арман тырнактай.
Мен булбул гана таңда таңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы ээ-эй сен чолпон
0, сен чолпон жүзүң балкыган.
Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жаштыктын алтын көлүнүн
Кармасак алтын балыгын.
Жылгада гана ичке ээ-эй жүздө бар,
Жыргасын гүлдөй өмүрүң.
Азыркы шайыр ээ-эй турмушта
0, чиркин гүлдөсүн ой асыл өмүрүң