Ысык-Көл жээгине сейилге чыктым,
Ысымын сулуунун ар жерден уктум.
Калагым кайыкта толкунду шилейт,
Толкундар баары эле,
«Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
Баратам кайыкта термелип, тездеп,
Бакытка термелткен сулууну эӊсеп.
Үстүмдөн булуттар буулугуп өчөт,
Булуттар баары эле,
«Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
Ай айтты, күн айтты асылдын атын,
Алтынга, каухарга алмашпас затың.
Анда да жүрөгүм зырп эте түшөт,
Баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
Малик Аликеев — Жамиля тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 1068
Мен Малик Аликеевди сыйлап, урматтап, ырларын баалап эргуу менен угам. Арман эрте, жаш кетип калганы окунучтуу болду.
Мен Малик Аликеевди сыйлап, урматтап, ырларын баалап эргуу менен угам. Арман эрте, жаш кетип калганы окунучтуу болду.