Туулган жерим асыл турагым,
Сезимимде өчпөс чырагым.
Симфония болсоң сен эгер,
Нота болуп сага турайын.
Кайырма:
Кереметүү күүлөр куюлуп
Кулагымда турат угулуп
Туулган жерим сенде турбайбы
Айтып бүткүс, кооз, сулуулук
Түшкө кирсе күлгүн жамалың,
Жүз көрүшүп сергип каламын.
А сен болсо бүтпөс чоң дастан,
Бар болгону мен бир сыяңмын.
Кайырма:
Обон салган талаа жаңыртып
Кайрыктары миң бир кыялдын
Дептер болсоң сансыз барактуу
Из калтырар мен бир сыяңмын.
Кайырма:
Саламат Садыкова — Туулган жерге тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 469