Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Сага арнадым садагам менин
Махабатым жалгызым сенсиң
Сүйүү оту өчпөй келемин,
О, секелек сезим терметтиң
Таңкы жылдыз жаркырап жанат
Алоолонуп жүрөгүм самайт.
Жалбарамын жараткандан мен,
Бирге болсок кайрадан экен
Кайырма:
Асылым эркем журөк эргиткен
Махабатка мен кол сунуп келем
Айтарым сага арманда калба
Ойлорумда сен кана…
Айлуу түндө ай чачат жарык,
Ак булуттар асманда калкып.
Күндөн күнгө убакыт учат,
Ушунчалык каякка шашат.
Эңсей берем элесиңди мен
Эч тынымсыз жүрөк эзилген
Эрдиңе эч жете албадым
Бактылуу бол менин ардагым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *