Дарактуу кыштак четинде,
Кечинде,
Дал болуп турган кезимде,
Таалайдан көзүң балбылдап,
Жалжылдап,
Тараттың сүйүү сезимге.

Толкунун серпип бакыттын,
Чачыпсың,
Тосууга мен да ашыктым,
Азоодой жүрөк туйлады
Кыйнады,
Ашыкмын, сага ашыкмын.

Ойлогун жаштын абалын,
Жамалың,
Орундайт качан талабым?
Ким үчүн согот жаш жүрөк,
Күчтүрөөк,
Күндө эле күйүп, жанамын.

Туюндум жаштык кезине,
Өзүңө,
Тутпадың бирок эсине,
Эмне үчүн, жаным, эмне үчүн
Сен бүгүн,
Көрүндүн эки көзүмө.
Күрпүлдөп өзөн шаркырар
Ай чыгар
Күүлөнгөн жүрөк басылар
Сүйгөнүм сени сүйгөмүн
Билбедиң
Мени да сүйгөн бар чыгар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *