Толкунданган сезимиңди байкадым,
Көз ирмебей калганың, эске түшөт ар дайым.
Неге сенин сүйүүң актай албадым,
Сени тиктеп калганым, жүрөгүмдү арбадың.
Кайырма:
Чын сүйүү, чын сүйүү сезими,
Жазгы сүйүү демиби,
Сүйүү мага келдиби?
Сагындым сенин мүнөзүңдү,
Элестетем сүрөтүңдү.
Тагдырым сага байланганбы?
Чын сүйүүгө айланганбы?
Жан жүрөгүм жалгыздыктан тажады,
Кубанычы тарады, бир өзүңдү самады.
Мен өзүмчө тагдырыма таарынам,
Жалгыз сени сагындым, эсте калды карааның.
Кайырма:
Мирбек Атабеков — Чын сүйүү тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 1817